Сузак жана Базар-Коргон райондорунда социалдык шаарчалар курулат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салды.
Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагындагы соцшаарчада 10 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана мектеп курулат. Долбоор «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ал эми Сузак районунун Бек-Абад айылындагы Газпром участкасында 3 гектар жер аянтына курула турган социалдык шаарчада 32 батирлүү турак жай, мечит, фельдшердик-акушердик пункт, тигүү цехи жана 300 орундуу мектеп куруу пландалган.
Курулуш иштери «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.