Сузакта чайкана өрттөнүп, эки адам каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Винсовхоз айылында чайканадан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, А.Нураков №1 көчөсүндөгү жалпы аянты 308 чарчы метрди түзгөн чайкана толугу менен күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, таңкы саат 05:01де жалын толугу менен өчүрүлгөн.

Кырсык катталган жерден куткаруучулар 59 жана 87 жаштагы адамдардын сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

8 Июнь 2023 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча