
Сузак милициясы улактагы ызы-чууга байланыштуу 4 баланы кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылдын 25-январь күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагындагы улак ойноочу талаада 43 жана 20 жаштагы жергиликтүү тургундарды өздөрүнө сырттан тааныш болгон 4 бала улак талашып, колдорундагы камчылар менен уруп сабашып денелерине жараат келтиришкен. Натыйжада 43 жаштагы жаран денесинен түрдүү жараат жараат алып, Сузак райондук ооруканасына жаткырылган.
Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагынын тургундары 1981-ж.т. Ж.С., 1991-ж.т. Б.Н., 1992-ж.т. Т.К. жана 1995-ж.т. Р.Н. 27-январь күнү кармалып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.