Сыдыков футбол союзунун президенти кызматынан эмне үчүн кеткенин айтты

Кыргыз футболдук союзунун президенти Медербек Сыдыковдун кызматынан кетиши тууралуу кыскача маек берип, эмне үчүн кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганын айтып берди.

Анын айтымында, кызматтан кетүү чечими жаңы кадрларды алып келүү максатында болгон.

Сыдыков кошумчалагандай, буга чейин пландалган иштин баары өз нугунда уланмакчы.

Эске салсак, кечээ Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков иштен кеткен.

Маалыматта айтылгандай, 29-январда Кыргызстандын футбол бирикмесинин кеңсесинде мекеменин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия Кубогундагы оюнунун жыйынтыгы тууралуу Медербек Сыдыковдун маалыматы угулду. Ошондой эле Медербек Сыдыков КФУнун президенти кызматынан кеткендигин билдирди.

«Бул чечим ата мекендик футболду өнүктүрүүгө жаңы дем берүү, ошондой эле КФУнун башкаруу командасына жаңы адамдарды тартуу зарылдыгы менен негизделди. Ошондой эле жетекчинин артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту» , — деп айтылат маалыматта.

Бул кызматка Сыдыков 2021-жылы октябрда келген.

Эске салсак, быйыл Катарда өткөн Азия Кубогунда кыргыз курамасы Таиланд менен Сауд Арабияга 0:2 себинде утулуп, Оман менен тең чыкты.

30 Январь 2024 жыл 10:33

Тема боюнча