Сыймык Узеев таэквондо боюнча эл аралык чемпионатта коло медалга ээ болду

Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучусу Сыймык Узеев таэквондо боюнча эл аралык чемпионатта коло медалга ээ болду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдеш 17-21-апрель күндөрү Өзбекстандын Андижан шаарында өткөн. Чемпионатка 4 өлкөдөн 1200 спортчу катышкан.

22 Апрель 2024 жыл 17:04

Тема боюнча