Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Жогорку Кеңештин комитетинде «Сынган кылыч» тарыхый романын экрандаштыруу пландары тууралуу билдирди.
Анын айтымында, Улуттук кеңеш Төлөгөн Касымбековдун атактуу «Сынган кылыч» романы боюнча тасма тартуу чечимин кабыл алды. 2026-жылы сценарийди иштеп чыгууну аяктоо жана долбоордун сметасын бекитүү пландалууда.
Сценарийди жазуу белгилүү драматург, эл жазуучусу Султан Раевге сунушталып, ал макулдугун берген.
Тартуу иштеринин башталышы 2026-жылдын аягы — 2027-жылдын башына пландаштырылып, ал эми толук кандуу өндүрүшкө киргизүү 2028-жылга белгиленди.
Марат Тагаев мамлекет «А» классындагы фестивалдарда жеңишке жеткен режиссерлорго «карт-бланш» берүүгө даяр экенин белгиледи.
«Биз чеберлерибизге: «Каалаган тасмаңарды тарткыла» деп жатабыз. Мисалы, белгилүү режиссер Актан Арым Кубат Касымалы Баялиновдун «Ажар» повестин экрандаштырууну пландап жатат. Тартуу иштери 2026-жылдын аягында башталат», — деп баса белгиледи министрдин орун басары.
Ошондой эле 1842-1846-жылдардагы маанилүү тарыхый мезгилдерди камтыган сценарийлердин үстүндө иш жүрүүдө. Маданият министрлиги кийинки жылдары да улуттук мурасты сактаган жана көрүүчүлөр арасында суроо-талапка ээ болгон сапаттуу тарыхый полотнолорду жаратууга басым жасоону көздөп жатат.