Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн саат 09:00гө карата республиканын негизги ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда саат 03:40 дан тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Учурда кар жаап жатат, тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.

Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, каттам бар.

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында күн бүркөк, жол кыймылы үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап, жолдо каттам бар.

«Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат», — деп айтылат маалыматта.

Ишкана айдоочулардан кышкы жол шарттарын эске алып, унааны кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөт.

11 Февраль 2026 жыл 9:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча