Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 18-январдагы жыйынында президентке кайрылып, медиа коомчулук менен сүйлөшүүгө барууга чакырды.
Журналисттердин арасындагы кээ бир туура эмес учурлар болсо, сүйлөшүү жолу менен жоюу керектигин белгиледи.
«Вашингтондо отурган эксперт биздин ички саясатыбыздын үтүр-чекитин кайдан билет? Ошол үчүн өзүбүздүн журналисттер менен жолугуп, сот органдары, прокуратура, ички иштер органдарынан өкүлдөрдү жаныңызга алып, медиа коомчулук менен сүйлөшүңүз, мунасага келиңиз. Бул азыр ушундай көрүнгөнү менен алдыдагы убакытта залакасы тиет. Дүйнөлүк коомчулукка жалдырабай, өз саясатыбызды жүргүзүүгө аракет кылып келебиз, бирок мындай нерселер залакасын тийгизет. Журналисттердин арасындагы кээ бир тентектерди тыйсын, аксакалдары, туура, түз жүргөн журналисттери өздөрү жөнгө салсын», — деди депутат.