«Түндүк» тиркемеси 8-мартта бир саат иштебейт. Себеби

Эртең, 8-мартта саат 19:00дөн 20:00гө чейин Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана «Түндүк» тиркемеси иштебейт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, бул убакта техникалык иштер жүргүзүлөт.

Министрлик жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

7 Март 2024 жыл 12:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча