Түп райондук суу чарба башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды

Түп райондук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө башкармалыктын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоонун коррупциялык схемасы аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

21 Апрель 2026 жыл 14:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча