Чүй облусунун Жайыл райондук аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмүнө байланыштуу саламаттык сактоо министри аталган оорукананын директорун ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу 14-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мындан тышкары директордун дарылоо боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой эле аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.
Кеп болуп жаткан оорукананын төрөт үйүндө 12-февралда 36 жаштагы келин төрөттөн кийин көз жумган. Саламаттык сактоо министрлиги маалыматты ырастап, окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди. Ымыркайдын абалы жакшы экенин кабарланган.
Маалыматка караганда, маркум Токтогул районунан төрөтүнө аз калганда келип, каттоого турган. Маркумдун жакындары аял дарыгерлердин шалаакылыгынан улам өлгөнүн билдирип жатышат.