Түрк полициясы ара төрөлгөн баласын ажааткана ыргыткан өзбекстандык келинди бошотту

Стамбул полициясы төрт айлык кезинде ара төрөлгөн баласын унитазга ыргытууга айыпталган өзбекстандык келин Мухлисахон Каримованы бошотту. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.

Буга чейин түрк басылмалары Мухлисахон Каримова Стамбул полициясына кайрылып, адамдар тобу анын сойкулук менен алектенүүгө мажбурлап, сабап, паспортун алып коюшканына даттанганын кабарлашкан. Далил катары аял аны сабагандардын бири тартып алган видеону көрсөткөн. Видео мессенджерлердин бириндеги тайпага жөнөтүлгөн.

Маалыматка караганда, Каримова бойдон түшүрүү үчүн дары ичип, түйүлдүктү Стамбулдагы мейманканалардын бириндеги ажаатканага салып жиберген. Аялдын айтымында, учурда аны сойкулук менен алектенүүгө мажбурлаган эки шектүүнү издөө иштери жүрүүдө.

Түрк басылмаларынын маалыматы боюнча, Мухлисахон Каримова Өзбекстанда жүргөндө интернет аркылуу Сонер атуу түрк улутундагы адам менен таанышкан. Кийин Түркияга барып, ал киши менен бир канча убакыт бирге жашап, боюна бүтүп калган. Аял басымга чыдабай, ал кишинин үйүнөн качып кеткен.

Көп өтпөй Каримова Юнус Эмре аттуу адам менен таанышкан. Анын айтымында, ал киши шериги менен төрөлө турган баласын сатууга ниеттенип жатышкан. Бирок аялдын боюнан түшүп калганын билгенден кийин аны катуу сабашкан.

20 Январь 2024 жыл 15:17

Тема боюнча