
Түркмөнстандын Аркадаг шаарында чоң мечиттин курулушу башталды, анын жанына мурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовго арналган мавзолей да курула турганы айтылды.
Маалыматка ылайык, мечиттин курулушуна 400 млн доллар каражат кетет. Ал эми мавзолейдин бюджети канча болору айтылган эмес. Бирок, мечиттин да, мавзолейдин да сырты ак мрамор таш менен кооздолот, — деп жазат Түркмөн ньюс басылмасы.