Талапкерлерге эскертүү! БШКнын атынан жалган билдирүү тарап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге кайрылып, жалган билдирүү тарап жатканын эскертет.

«БШКнын төрагасынын орун басары Айдана Жупуеванын атынан Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан талапкерлерге WhatsApp аркылуу билдирүүлөр келип, коркутуулар жана басымдар болуп жатканы боюнча маалыматтар айтылууда.

Бул маалыматтар чындыкка дал келбеген, фейк экендигин расмий билдиребиз. Ошондой эле пайдаланылып жаткан телефон номери (0221 239282) Айдана Жупуевага тиешелүү эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эч бир талапкерге артыкчылык бербейт жана объективдүүлүк принцибин карманат. Андыктан, мындай чалууларга, WhatsApp билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

5 Декабрь 2025 жыл 14:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча