Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан “Москвич”үлгүсүндөгү автоунаа даярдалды. Бул унаа милициянын басып өткөн жолундагы пайдаланган техникаларынын эски образын чагылдырат.
“Москвич” 1971-жылы Талас облусунун ички иштер башкармалыгына кызматтык унаа катары берилген. Ошондон бери сакталып, кыргыз милициясынын 100 жылдык майрамына карата толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 1-ноябрь күнү параддан өтүү үчүн борбор калаага жиберилди.