Талас облусуна 11 айда 250,1 млн сом бөлүндү
2023-жылдын 11 айында Талас облусуна республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 250,1 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Анын ичинен:
Бюджеттер аралык трансферттер:
- Теңдөөчү трансферт – 176,7 млн сом;
- Ыйгарым укуктарды берүүгө – 13,9 млн сом;
- Электрэнергия болгон 50% компенсациясына — 1,6 млн сом;
- Жер салыгынын жоготууларынын ордун толтурууга – 29,6 млн сом;
- Бирдиктүү салык — 28,3 млн сом;
Мындан тышкары:
Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнө — 5,2 млн сом.
14 Декабрь 2023 жыл 10:44