Быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толду. Бул датага Талас ОИИБдин имаратынын алдына кызматтык автоунаалар менен “ИИМ 100” жана «Талас» жазуусу жазылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Позитивдүү маанай тартуулоого багытталган иш-чараны уюштуруу Талас ОИИБдин башчысы Азенбек Козукеев тарабынан демилгеленген. Жазууну жазууга Талас ОИИБдин, Талас шаарынын, Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондорунун ички иштер бөлүмдөрүнүн, облустук ЖКККБнын, ИИМдин Күзөт кызматынын Таластагы бөлүмүнөн жалпы 31 автоунаа тартылган.