Таласта 2 кишини өлтүрүүгө шектүү кармалды

Талас облусунун милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бакай-Ата РИИБге 2024-жылдын 9-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Бакай-Ата районунун тургуну 1963-ж.т. А.Т. ошол эле күнү саат 07:00 чамасында Кең-Арал айылына караштуу Коргон-Таш жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган жаранды милиция тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, натыйжада 10-ноябрь күнү таңкы саат 07:00 чамаларында Талас районунун Нылды өзөнүндө “Тойота Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен эки кишинин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Жансыз денелерге кароо жүргүзүү учурунда Бакай-Ата районунун 1963-ж.т. А.Т. жана 1964-ж.т. Т.М. аттуу тургундары экендиги аныкталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин бети милиция тарабынан изи сууй электе ачылып, шектүү катары каза болгон А.Т. аттуу жарандын малчысы, Талас районунун тургуну 1982-ж.т. С.С. кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү С.С. менен А.Т. ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестик орун алып, натыйжасы адам өлүмү менен коштолгону белгилүү болгон.

10 Ноябрь 2024 жыл 20:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча