Таласта 275 орундуу жаңы мектептин ачылышы өттү (сүрөт)

Бүгүн, 1февралда Талас районунун Көк-Токой айылындагы “Ш. Шеркулов” атындагы 275 орундуу мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мектептин ачылыш аземине Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана анын орун басары Т. Иманакун уулу катышты.

«Аталган мектептин окуу корпустарынын эскилиги жетип, Мамкурулуш тарабынан тизмеге киргизилген. Мектептин курулуш иштери 2015-жылы башталып, 2023-жылга чейин бүткөрүлбөй келинген. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган»,-деп айтылат маалыматта.

Бул мектеп Мамкурулуш тарабынан 2023-жылы бүткөрүлгөн 105 мектептин тизмесине кирет.

1 Февраль 2024 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча