Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Талас районунун Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты Ч. Т. Ж. ишкерден 4 миллион 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Кылмыш кодексинин 208-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-декабрда Бишкек шаарында 1 млн сом акча алып жаткан жеринен кармалды.
Маалыматка ылайык, декабрь айынын башында Ч.Т.Ж. коркутуп-үркүтүү менен, Талас районунун Бекмолдо айылына түтүктөрдү төшөө үчүн тендерден утуп алган ишкерден 4 миллион 200 миң сом талап кылган. Бул сумма тендердин жалпы 67 млн сом өлчөмүндөгү суммасынын 6 пайызы.
«Болбосо ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуп, курулуш иштерин жүргүзүүдө ар кандай тоскоолдуктарды уюштурууну убада кылган», деп билдирди Коопсуздук кызматы.
Тиешелүү иш-чаралардын жыйынтыгы менен кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.
Учурда бул окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатканы кабарланды.