Таласта Элдик курултайдын төрагасынын отставкасын талап кылышты

Таласта биринчи Элдик курултайдын делегаттарынын жыйыны өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине курултайдын аймактагы координатору Талант Эдилов билдирди.

Анын айтымында, жыйын курултайдын төрагасы Кадыр Кошалиевдин мурдакы президент Курманбек Бакиевден алган маегине байланыштуу өтту.

Делегаттар Кадыр Кошалиевдин отставкасын талап кылып, сунушун аксакалдар кеңешине жөнөтүштү.

«Делегаттар Курманбек Бакиевден интервью алгандын ордуна, курултай боюнча мыйзам долбоорду өткөрүп, көтөрүлгөн маселелерди чечүү жолун караштырыш керектигин айтышты», — дейт ал.

Делегаттар аксакалдар кеңешинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү талап кылышты.

22 Май 2023 жыл 17:31

Тема боюнча