Таласта сууга агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылдын 18-июнь күнү саат 19:00 чамасында Талас районунун Чоң-Чычкан өрөөнүнүн Чоң-Түз жайлоосунан 2 жашар бала ойноп жаткан жеринен чоң сууга түшүп агып кеткендиги боюнча милицияга кабар келип түшкөн.
Бул окуя Талас РИИБге каттоого алынып, окуя болгон жерге Талас РИИБдин өздүк курамы толугу менен жана Талас ОИИБден жалпы 100 жакын кызматкерлер издөө иштерине тартылган.
Милиция, ӨМК, «Альянс-Алтын» компаниясы, жергиликтүү бийлик жана жаш баланын туугандары суудан 2 күн издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Бүгүн 20-июнда сайдагы суунун нуга башка жакка бурулуп, суу азайган кезде 2 жашар баланын жансыз денеси ташка кыпчылып калган жеринен табылган.
2-3 км алыстыкка агып кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.