Таласта турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды 

Бүгүн, 14-февралда Талас шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган 120 үй-бүлөгө көмүр таратылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасы Түркиянын «Адам укугу жана эркиндиги» гуманитардык фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү “Рисала” коомдук фонду тарабынан каржыланды.

Аталган кайрымдуулук иш-чара «Көмүр жардамы» долбоорунун алкагында уюштурулуп, күтүлүп жаткан суук аба ырайына карата 120 үй-бүлөгө 15 каптан көмүр таркатылды.

Талас шаарынын мэриясы Түркиянын «Адам укугу жана эркиндиги» гуманитардык жардам фондуна кайрымдуулук колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетсек, IHH фонду 2000-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, бир катар кайрымдуулук иштерди жетектеп келет.

15 Февраль 2024 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча