10-октябрь күнү Кыргыз Улуттук Манас ордо комплексинде “Урааным Манас” аталышындагы манасчылар фестивалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана Кыргыз Республикасынын Баатыры Алиясбек Алымкулов катышты.
Бул фестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдык мааракесине арналган.
Үч күн, үч түн боюу манасчылар улуттук эпос “Манасты” айтып, өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 17 манасчы Талас жергесинде өнөрлөрүн көрсөтүшөт.








