Таласта жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоого багытталган иш-чара өттү

Бүгүн Талас шаарында жаштар арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды, үй-бүлөлүк каада-салттарды туура колдоо жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча иш-чара өттү.

Талас шаардык эриясынан билдиришкендей, иш-чара президенттин жана министрлер кабинетинин көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу максатында уюштурулду

Ага Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, облустук казыяттын өкүлдөрү, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын мааниси тууралуу баяндалып, үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке келтирүүнүн зарылдыгы, мажбурлап никеге туруунун терс кесепеттери жана мыйзам алдында жоопкерчиликтери жөнүндө маалымат берилди.

27 Ноябрь 2024 жыл 14:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча