Таласта «Жерүй» кенинен түшкөн каражатга Мамлекеттик ипотекалык система менен турак-жайлар курулат

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барды. Жетекчи кендин аймагындагы “Альянс Алтын” компаниясы тарабынан аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, жакындан таанышты. Облустун башчысын кенде иштеген жумушчу күчү, түзүлгөн шарттар жана экологиялык коопсуздук боюнча бүгүнкү абал кызыктырды.

Өз кезегинде облус башчысы «Альянс Алтын» компаниясы которгон каражаттардан Облустук, райондук жана Бек-Молдо айыл аймактык өнүктүрүү фонддору түзүлгөнүн белгиледи.

Мындан тышкары Президенттин өкүлү Жерүй кенинен түшкөн каражатга Президенттин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана облустагы өнүктүрүү фонддору менен биргеликте Талас облусунда ипотекалык система менен турак жайларды куруу планда бар экенин кошумчалады.

Жерүйдө кен казуу жумуштары кызуу жүрүп жатат. Ишти “Альянс Алтын” компаниясы колго алып, мамлекет койгон талаптарды аткарууда. Компания жергиликтүү элдин экологиялык коопсуздугун камсыздоону башкы орунга койгон. Коопсуздукка компаниянын өзүндөгү экологдор жана ошондой эле мамлекеттик мекемелер дагы катуу көзөмөл кылууда

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын жетекчиси Бекназар Ашымов, «Биз кендин аймагындагы абалды дайыма көзөмөлдөп турабыз. Ошондой эле коңшу айылдардын суусун, абасын дайыма текшерүүдөбүз. Айрыкча жазында агын суулардан суу келгенде бардык саркынды суулар булганат. Ошол себептен текшерүүлөрдү жүргүзүп, бул табигый көрүнүш экенин жергиликтүү айылдардын жашоочуларына билдирип туруудабыз»-деген пикирин билдирди.

Жерүй кенинде казылган руда ташылып келип, мындагы фабрикада иштетилет. Андан чыккан кектер, калың геомембрана төшөлгөн калдык сактоочу жайга төгүлөт. Изилдөөлөрдүн натыйжасында окумуштуулар калдыктардын коопсуз экендигин аныкташкан. Мындан улам калдыктардан курулуш материалдарын чыгаруу боюнча демилгелер да бар.

Облус башчысы баштаган жетекчилер алтынды ылгаган фабриканы иши менен да таанышышты. Эске салсак, Жерүйдө алтын казуу жумуштары 2021-жылдын март айында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин 9 тонна 200 килограмм алтын казылган.

“Альянс Алтын” компаниясынын өндүрүш боюнча директорунун орун басары Константин Чуприн, «Биз алтын өндүрүүдөгү ар бир ишибизди ачык айтып, көрсөтүүгө даярбыз. Улам жаңы бийиктиктерге көтөрүлүп, ишибизди сапаттуу алып баруудабыз. Анткени бизде мыкты адистер иштейт. Өндүрүштөгү техникалардын баары акыркы үлгүдө. Биз ар дайым жумушубузду жакшыртуудабыз»-деген пикирин билдирди.

Жерүйдөгү кен казуу жана компаниянын ишмердүүлүгүнүн артында облусга ири суммадагы каражаттар бөлүнүп , бир катар долбоорлор ишке ашып жатканы белгилүү. Эми жакын арада долбоор катары Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча маселе каралып жатканын облус башчысы билдирди.

Жерүй алтын кенинде жалпы 1500 жумушчу иштейт. Анын ичинен 890 жумушчу “Альянс Алтын” компаниясында эмгектенет. Жумушчулардын тең жарымы кен чыккан Бекмолдо айыл аймагынан алынган. Жалпы жумушчулардын 97 пайызы Кыргызстандын жарандары , калганы чет элден келген адистер. Компания жергиликтүү элдин жана мамлекет койгон талаптарды аткаруунун аракетинде.

13 Июнь 2023 жыл 19:49
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча