Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Манас районундагы авариялык абалдагы бир катар мектептерди кыдырды.
Ведомстводон маалымдашкандай, алгач министр Бала-Саруу орто мектебинин авариялык абалдагы имараты менен таанышып, жаңы мектеп куруу боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди. Аталган мектеп 1957-жылы 220 орунга ылайыкталып курулуп, учурда анда 397 окуучу билим алууда.
Андан соң Догдуркүл Кендирбаева Кара-Арча орто мектебинин, Семетей айылындагы Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин жана Кеңеш айылындагы Исак Отунбаев атындагы орто мектептеринин абалы менен таанышты. Покровка мектебинде учурда 878 окуучу билим алса, Исак Отунбаев атындагы мектепте 180 окуучу окуйт.
Ошондой эле 1964-жылы курулган Манас орто мектебинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экени белгиленди.