Тамактануучу жайда жигитти уруп салган жаран кармалды

Бишкекте тамактануучу жайлардын биринде башка жаранга кол көтөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 13-август күнү Ленин РИИБге Ж.Б., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал ошол эле күнү коомдук тамактануу жайларынын биринде жүргөндө белгисиз адам анын денесине залал келтиргендигин билдирген.

Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү делип, 1989-жылы туулган Н.Т., аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген.

Шектүү Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

20 Август 2024 жыл 17:36
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча