Бишкек — Ош трассасында ичинде айдоочусу жок фура жүрүп кетип, сууга түшүп, көпүрөнү сүзүп токтогон.
«Окуя 15-сентябрь күнү болгон. Айдоочу шериги менен Оштон Бишкекке келе жаткан. Төө-Ашуудан түшкөндөн кийин алар тамактануу үчүн токтошкон. Ашканадан чыкканда машинаны ордунан таппай калышкан. Дароо издөө салып, натыйжада фура дарыядагы көпүрөнү сүзүп токтоп калганын көрүшкөн», — деди милиция.
Кийин маалым болгондой, айдоочу жүк ташуучу транспортту кол тормозго койбой кетип калгандыктан транспорт эңкейиштен жылып кеткен. Бактыга жараша, кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.