Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Талас облусуна караштуу Тараз – Покровка – Кайыңды унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №48 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл аталган жолдун 3 чакырымын оңдоо каралып, бүгүнкү күндө бир чакырым аралыгына асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

26 Июнь 2024 жыл 11:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча