Ташиев 3 эм төрөлгөн 2 үй бүлөнүн ар бирине 3 бөлмөлүү батир тапшырды

Бүгүн, 31-октябрда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Ош облусунун Кара-Суу районунда төрөлгөн 2 үй бүлөдөгү 3 эмдерден кабар алды.

Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 000 сом акчалай белек жана алгач УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды. Уй булөнун турмуш шартын мындан ары да көзөмөлдөп тураарын белгиледи. Үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалдары жакшы.

Андан соң Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй бүлөсүнө барды. Бул наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул бир кыздуу болгон жаш үй бүлөгө да ажонун атынан 500 000 сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.
Эки үй бүлө тең президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Камчыбек Ташиев бул наристелердин саламаттыгына жакшылап көңүл бурууна жана үй бүлөлөрдөн дайыма кабар алып турууна тийиштүү тараптарга тапшырды.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда 3 эм төрөлүшү акырык 17 жылдан бери алгачкы жолу катталган. Жакынык арада дагы бир үч эм төрөлүүсү күтүлуп жатканын, ал эненин саламаттыгы дарыгерлерден тыкыр көзөмөлүндө экенин Кара-Суу төрөт үйүнөн кабарлашты.

31 Октябрь 2024 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча