Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун Лейлек районундагы жаңыдан отурукташкан Максат жана Раззаков айылынын тургундары менен жолукту. Бул тууралуу Region телеканалы билдирет.
Иш сапардын алкагында ал жаңы курулган турак үйлөрдү көрүп, жергиликтүү калк менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.
Жолугушуу учурунда жергиликтүү тургундар чек ара маселелеринин толугу менен чечилгенин белгилеп, бул үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
Максат айылы үчүн турак жай жана социалдык объектилерди куруу максатында айыл өкмөт тарабынан 44 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда бул аймакта 16 жаңы үй толук салынып, алардын тургундары көчүп келип жашай башташты.