УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып, ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка кирди. Бул тууралуу ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматтарга ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатканын ИИМ билдирген.
Жанында жактоочусу бар экени айтылды.