
Тажикстандын Согд облусундагы Бустон шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын атайын кызматтарынын төрагалары — кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк делегациялардын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту.
Тараптар кыргыз-тажик чек арасынын чечиле элек тилкелерин делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин талкуулашты. Жыйынтыгында атайын өкмөттүк топторго бул тилкелерде тиешелүү иштерди жүргүзүү тапшырмасы берилди.
Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү.
Өкмөттүн сайтында ошондой эле 1-6-июль күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өткөнү кабарланды. Анда “тараптар чек ара сызыгынын калган тилкелерин баяндап жазуу тууралуусунуш алмашты.
Кийинки жолугушуу Кыргызстанда болот.