УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат жолундагы жол жана көпүрөлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшүн тик учак менен көрүп чыкты. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына видео жарыялады.
Бул жол тилкелери 30-октябрга чейин аякташы керектигин жана элге пайдаланууга берилиши керектигин Камчыбек Ташиев буга чейин 2 ирет эскерткен.