Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди.
Атайын кызматтын төрагасы бул тууралуу 20-ноябрда журналисттерге айтып, башта 120-125 млрд доллар алынганын кабарлаган. УКМКнын басма сөз кызматы кийин сом менен өндүрүлгөнүн тактады.
Камчыбек Ташиев ушул жылдын декабрь айында бюджетке кайтарылган каражат кимдерден, кандай жол менен алынганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрүп, кенен маалымат бере турганын кошумчалады.