Ташиев УКМК дарыланууга жардам берген Дайырбек менен жолукту

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Индияда сөөк чучугун трансплантациялоо операциясынан өткөн Дайырбек Кыялбекович Маматкалыевдин ата-энеси менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Буга чейин химиотерапия курсу аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Д.Маматкалыев Индияда текшерүүдөн өтүп, сөөк чучугун алмаштыруу операциясын жасатууга муктаж болгон. Бирок, медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Д.Маматкалыевдин ата-энеси 2023-жылдын декабрь айында УКМК башчысы Ташиевден жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК Д.Маматкалыевди (жана анын ата-энесин) жөнөтүүгө, текшерүүдөн өтүүгө жана Индиянын “Фортис” клиникасында операция кылууга каржылоо жагынан көмөктөшкөн.

Операциядан өтүп, 29-майда Д.Маматкалыевдин үй-бүлөсү Бишкек шаарына келип К.Ташиевге жеке жолугушууну суранган.

2023-жылдын 30-майындагы жолугушууда Д.Маматкалыевдин ата-энеси көрсөтүлгөн материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, уулу 4 жашынан бери көрсөтүлгөн дартынан (анын ичинде билим берүү мекемелерине бара албагандыктан) кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын белгилешти.

Дарылоо планына ылайык, Д.Маматкалыев белгилүү убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болот, ага байланыштуу Ташиев К.К. ага ден соолук каалап, толук айыккан мезгилге чейин (Бишкекте жайгашуу, тесттин жыйынтыгын тапшыруу жана жөнөтүү), анын ичинде Индияга экинчи ирет текшерүүгө баруу мезгилинде материалдык жардам көрсөтүүгө убада берди.

30 Май 2023 жыл 17:26

Тема боюнча