Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев камакка алынбай турганын, иши сотко өткөндөн кийин актыгын сотто далилдеши керек экенин билдирди.
Бул тууралуу атайын кызматтын жетекчиси 10-январда Жогорку Кеңеште Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан жыйында айтты.
“Чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айып коюлган Кыргызстандын бир да жаранын камабайбыз. Камаган да эмеспиз. Эмил Жамгырчиевге айтып койгула. Камалбайт. Келсин да сотто жооп берсин. Тергөөгө бүгүн эле келсин. Кармабайбыз, камабайбыз. Биз Эмил Жамгырчиевди издеген жокпуз. Аны издей турганга негиз да жок”, — деди Ташиев.
Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, депутат Алишер Эрбаев Эмил Жамгырчиев 2022-жылы “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал Өзбекстандын жараны Салим Абдувалиевге жолугуп, колдоо алыш үчүн Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өткөнүн айтты.