Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады

Ташкенттен Ысык-Көлгө автобустар каттай баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Автобустар Чолпон-Ата шаарына чейин жуманын жуп күндөрү каттайт. Автобус Ташкент автовокзалынан саат 15:00дө чыгат. Билеттин баасы 300 миң сумду түзөт.

Каттам убактылуу, Uzautotrans Service ишканасы тарабынан тейленет.

4 Июнь 2024 жыл 13:11
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча