Таштанды чакадан ымыркай табылды

Бишкекте таштанды чакадан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды.

Октябрь райондук милициясынан билдиришкендей, кечээ, 8-октябрда болжол менен 23:30дар чамасында “102” кызматына белгисиз аял төрөп, ымыркайын Элебесов көчөсүндөгү таштанды чакага таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге тергөө-ыктам тобу барып, таштанды чакадан ымыркайды табышкан.

Аталган факты райондук милицияга каттоого алынып, учурда тергөөгө чейинки зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ымыркай №1 төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген, абалы туруктуу.

9 Ноябрь 2023 жыл 16:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча