Таштандыны кайра иштете турган заводдун курулушу башталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-мартта Бишкекте таштандыларды жок кылуу менен электр энергиясын өндүрө турган заводдун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Шаардын четиндеги санитардык полигондун аймагына түшө турган завод суткасына 850 тоннага жакын таштандыны иштетет. Аны кытайлык “Хунан Цзюнсин” компаниясы курат. Заводдун аймагында таштандыларды өрттөөчү приборлор, электр энергиясын иштеп чыгуучу генераторлор, тазалоо системалары, турак жай, спорттук имараттар болот.

Завод 2025-жылы ноябрь айында салынып бүтөрү кабарланды.

29 Март 2024 жыл 15:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча