Таштандыны туш келди таштаган жарандарга айып салынды

Бишкек шаарында муниципалдык инспекция таштандыларды туш келди таштаган жарандарга жана уюмдарга айып пул салды. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, борбор калаада жыл башынан бери 100дөн ашык адам таштандыны туура эмес жерге таштаганы аныкталган.

Жыйынтыгында аталган жарандарга жалпы 572 миң сом айып пул салынган. Мындан сырткары юридикалык жактарга 90 протокол түзүлүп, жалпы 1 млн 500 миңден ашык айып пул салынган. Ошондой эле курулуштан жана тигүү цехтеринен чыккан таштандылардын туура эмес ташталышы боюнча жалпы 2 млн 300 миңден ашык айып пул салынган.

Бул укук бузуулар рейд учурларында жана видеобайкоо камералары аркылуу аныкталган.

Мэрия шаар тургундарын таштандыны графикти сактоо менен чыгарып, таштанды челектерге гана таштоону эскертти.

14 Март 2025 жыл 6:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча