Тажикстан: Сел каптаган аймактарда 3 киши каза болду

Тажикстанда соңку эки күндөн бери тынбай жааган жамгырдан кийинки сел үч кишинин өмүрүн алганын бүгүн 6-майда Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитетине таянып «Азаттыктын» тажик кызматы билдирди.

Сел бир катар райондордо жүргөнү, суу көптөгөн үйлөрдү, эгин талааларын каптаганы, жолдорду жана көпүрөлөрдү жууп кеткени маалымдалды.

Варзоб районунда 5-майга караган түнү 40 жана 67 жаштагы эки аял, ошол эле күнү Согд облусунун Истаравшан шаарына караштуу айылда мал жайып жүргөн 20 жаштагы келин сел суусу агызып кетип каза тапты.

6 Май 2024 жыл 15:38
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча