Акча талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу жана Араван райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн тергөөчүлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү О.Г.О. тарабынан 3000 доллар өлчөмүндө акча талап кылуу фактысы аныкталган.
Такталгандай, кармалган О.Г.О. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык пайда алуу максатында, 2024-жылы декабрда алдамчылык үчүн катталган факты боюнча тергөөгө чейинки өндүрүштө текшерүү иштерин токтотууну убада кылып, К.у.О. аттуу жарандан 3 000 доллар акча каражатын талап кылган.
Белгилей кетсек, О.Г.О. жана К.у.О. экөөнүн ортосунда Араван райондук милициясынын тергөөчүсү С.Н.С. ортомчулук кылган.
Натыйжада 1 600 доллар акча каражатын алып жаткан жеринен О.Г.О. и С.Н.С. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди