Тик учак кырсыгында каза болгон аскердин сөөгү жерге берилди

Достук кичирайонуна жакын “Фрунзе-1” авиабазасында тик учак кырсыгынан каза болгон аскер Жайыл Самудиновдун сөөгү 19-январда Бишкекте жерге берилди. Маркум менен коштошуу зыйнаты борбордогу үйүндө өттү.

17-январда Бишкектеги “Фрунзе-1” авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан.

Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Окуя боюнча кызматтык териштирүү башталып, бир нече кызматкер жумуштан убактылуу четтетилген.

19 Январь 2024 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча