Тик учак кырсыгында жабыркагандардын абалын айтылды

Бишкекте кулаган тик учакта жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Тез жардам ооруканасында сегиз адам дарыланууда.

«Жандандыруу бөлүмүндөгү төрт адамдын экөө палатага которулса, калганы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Дагы эки жабырлануучу Улуттук госпиталда, алардын дагы абалы туруктуу», — деди министрликтин маалымат кызматы.

18 Январь 2024 жыл 10:18

Тема боюнча