TikTok жабылбай калышы мүмкүнбү? Компаниянын жетекчилиги Бишкекке келди

TikTok компаниясынын Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы өкмөттүк байланыштар жана корпоративдик иштер боюнча директору Сергей Соколов Бишкекке келди. Бул тууралуу Kaktus.media сайты жазды.

Социалдык тармактын өкүлү 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү келген.

Маданият министрлиги бул маалыматты тастыктаган жок, бирок төгүндөгөн да жок. Соколов Маданият жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги менен жолугуп, өлкөдөгү социалдык тармакка бөгөт коюу маселесин талкуулай турганы күтүлүүдө.

Буга чейин Маданият министрлигинин Кыргызстанда TikTok`ту жабуу чечими коомчулуктун басымдуу бөлүгүн нааразы кылган.

Министрлик мындай чечимди 18 уюмдун кайрылуусу менен жана балдардын адеп-ахлактык тарбиясына терс таасирин тийгизип, психологиялык саламаттыгына зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого гана багытталган деп түшүндүргөн.

7 Сентябрь 2023 жыл 12:09
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча