Тилек Матраимов кызматын тапшырды

“Ошгаз” ишканасынын директорунун орун басары Тилек Матраимов кызматын тапшырды.

Тилек Матраимов “Ошгаздын” директорунун орун басары болуп 2022-жылдын март айында дайындалган болчу.

Тилек Матраимов Ош облусунун Кара-Суу районунда сегиз жыл аким болуп иштеген. Ал октябрь окуяларынан кийин кызматтан кеткен. Ошондой эле 2021-жылы 9-октябрда кыргыз-өзбек чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалып, кылмыш иши козголгон. Ош шаардык соту көп өтпөй ага 220 миң сом айып пул салып үй камагына чыгарган.

Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен бир катар коррупциялык чуулгандуу иштерде аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган иниси.

1 Февраль 2024 жыл 19:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча