Тимур Файзиев 3 млн төлөп, абактан бошотулганы кабарланды

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев УКМКнын тергөө абагынан бошотулганы кабарланды.

Кечээ, 29-майда Бишкектин Октябрь райондук соту Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен Файзиевди үй камагына чечимин кабыл алганын соттун басма сөз кызматы кабарлады. Ал 4-июлга чейин үй камагында болот.

Алдын ала маалыматка караганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу боюнча айыпталган бизнесмен, мамлекетке 3 млн доллар төлөгөн.

Тимур Файзиев 2023-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалган.

30 Май 2024 жыл 14:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча