Бишкектин Октябрь райондук соту Бишкекте стоматологиялык клиникада чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмүнө шектүү Т.А. аттуу жаранды эки айга абакта калтырды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык керектүү экспертизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында «баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок» себеп болгон.
Наристенин жакындары окуяга тиешеси бар бардык дарыгерлерин камалуусун талап кылышууда.
Эске сала кетсек, 2023-жылдын 18- декабрда Бишкекте стоматологиялык клиникада 3 жашар кыз тиш дарылоо учурунда чарчап калган. Буга байланыштуу иликтөө комиссиясы түзүлгөнүн 21-декабрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.